Экономика

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
12/04 17:45
 

Доллардын түшүшү менен азык-түлүккө болгон баа арзандаган жок

Доллардын түшүшү менен азык-түлүккө болгон баа арзандаган  жок

Бишкек, 12-апрель /Минара Ибраева-Кабар/. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигине КРнын айыл чарба жана мелиорация министринин милдетин аткаруучунун орун басары Эркинбек Чодуев билдирди.

“Акыркы убакта доллардын курсу туруктуу болбой бирде өсүп, бирде түшүп жатат. Анын өсүшү менен же төмөндөшү менен азык-түлүккө болгон баа кымбаттаган жок. Акыркы бааларды карай турган болсок алар эң эле төмөнкү баа менен сатылып жатат. Тактап айта турган болсок биздеги негизги азык-түлүккө доллардын таасири тийген жок”,-дедиЭ.Чодуев.

“Ал эми доллардын төмөндөшү менен негизги азык-түлүккө болгон баа түшпөйт. Себеби картоша, пияз жана сабиз сыяктуу азыктар эң төмөнкү баа менен өткөрүлүп жатат. Бирок сырттан келген азык-түлүктүн баалары түшүшү керек. Себеби, ага доллардын кандайдыр бир деңгээлде байланышы бар деп айтсак болот”,-деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, жалпыга маалымдоо каражаттарында доллардын төмөндөшү менен азык-түлүккө болгон баанын ошол бойдон калып жаткандагысы тууралуу маалыматтар чыккан эле.

“Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу