Экономика

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
12/04 15:13
 

Жыл башынан бери мамлекеттик карызды тейлөөгө бюджеттен 2,3 млрд сом сарпталды

Бишкек, 12-апрель /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын тейлөөгө республикалык бюджеттен 2 млрд 318 млн 159миң сом бөлүндү, анын ичинен мамлекеттик тышкы карызды тейлөөгө 884 млн 894 миң сом, ал эми мамлекеттик ички карызды тейлөөгө –1 млрд 433 млн 265 миң сом жумшалды. Бул тууралуу финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эске сала кетсек, былтыр Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын тейлөөгө республикалык бюджеттен 14 млрд 364 млн 393,6 миң сом бөлүнгөн, анын ичинен мамлекеттик тышкы карызды тейлөөгө 7 млрд 483 млн 724,7 миң сом, ал эми мамлекеттик ички карызды тейлөөгө – 6 млрд 880 млн 668,9 миң сом сарпталган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу