Экономика

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
12/04 11:46
 

Бишкекке Бириккен Араб Эмиратынан расмий делегациясынын келиши күтүлүүдө

Бишкек, 12-апрель /Кабар/. 2016-жылы 13-15-апрелде Энергетика министри Сухаиль Мухаммад Аль-Мазруи башында турган Бириккен Араб Эмиратынын инвестициялык делегациясы келүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган иш сапар КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевдин 2014-жылдагы расмий иш сапарынын жыйынтыгы боюнча макулдашылган келишимдердин алкагында өтмөкчү.

Расмий делегациянын курамына БАЭнин келечектүү инвестициялык компаниясы кошулган.
Эмираттын ишкерлери Кыргызстандык өндүрүшчүлөр, атап айтканда айыл чарба азыктарын өндүрүү, азык-түлүк өнөр жайы, гепермаркет куруучулар, энергетиктер, телекоммуникация жаатындагы компаниялардын өкүлдөрщ менен эки тараптуу жолугушмакчы. Мындан тышкары, Абу-Даби өнүктүрүү фондунун линиясы боюнча инфраструктуралык жана социалдык долбоорлор каралат.

Аталган иш-сапардын алкагында 14-апрелде “Кыргызстан – БАЭ” экономикалк форумун өткөрүү пландалууда. Анда кыргыз тарап кызматташтык боюнча долбоорлорду сунушташат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу