Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
12/04 09:02
 

“Түндүкэлектр”: Кардарлар март айында 81,676 млн кВт саат электр энергияны үнөмдөштү

Бишкек, 12-апрель /Кабар/. “Түндүкэлектр” ишканасынын кардарлары 2016-жылдын март айында 448,3 млн кВт.саат электр энергиясын сарпташты. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

КР өкмөтү тарабынан каралган ченемден 81,7 млнкВт саатка жакын же 15, 4 % үнөмдөлдү. Салыштырмалуу, 2015-жылдын март айында “Түндүк электр” ААК боюнча 614,7 млн кВт саат электр энергиясы керектелген.

Бул жылдын март айында Кыргызстандын борбор калаасында 29,4 млн кВт саат электр энергия үнөмдөлгөн. Мерчемделген 237,4 млн кВт сааттан бишкектиктер 208 млн кВт саат электр энергия керектешкен.

Чүй облусу боюнча каралган 245 млн кВт сааттан 206 млн кВт саат электр энергиясы пайдаланылган. Талас облусунда мерчемделген 47 млн кВт. сааттын 34,2 млн кВт. сааты керектелген.

Ушуну менен, каралган электр энергиясын үнөмдөө борбор калаабызда – 12,4 %, Чүй облусунда – 15,9 %, Талас облусунда – 27,9 %ды түздү.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу