Экономика

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
11/04 16:00
 

2015-жылы 11,1 миң батир колдонууга берилди

Бишкек, 11-апрель /Кабар/. 2015-жылы курулуштун жалпы дүң көлөмү 116,1 млрд сомду түзүп, же 13,9%га көбөйдү.

2015-жылы жалпы аянты 1127,1 миң квадрат метр болгон 11,1 миң батир колдонууга берилди. Бул 2014-жылга салыштырмалуу 4,1% көп. Бул жылы курулушка 29190,0 млн сом сарпталып, өткөн жылга салыштырмалуу 4%га көптүк кылат. 2014-жылга салыштырганда турак-жай курулушуна өздөштүрүлгөн каражаттын үлүшү өздөштүрүлгөн инвестициянын жалпы көлөмүндө 1 пайыздык пунктка көбөйүп, 24,1%ы түздү. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Айыл жергесинде 494,8 миң квадрат метр турак-жай берилди. 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча каржылоонун бардык булактарынын эсебинен негизги капиталдагы инвестициянын көлөмү 120,9 млрд сомду түзүп, 8,0%га көбөйгөн.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу