Экономика

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
11/04 15:27
 

Өкмөттүн токтомуна ылайык контрактар улуттук валюта менен төлөнө баштайт

Бишкек, 11-апрель /Шаххан Мырзабеков-Кабар/. 2015-2016-жаңы окуу жылында республикадагы бардык жогорку окуу жайларында контракттар көтөрүлбөйт. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйында Мамлекеттик антимонополдук жөнгө салуу агенттигинин жетекчиси Болсунбек Казаков билдирди.

Анын айтымына караганда, КРнын Мамлекеттик антимонополдук жөнгө салуу агенттиги тараптан мамлекеттик жана жеке жогорку жайлардын финансылык жагы көзөмөлдөнүп турат. Эгерде кайсы бир окуу жайда кымбаттоолор байкалса жоопко тартылат.

“Биздин агенттик, Улуттук Банк жана Экономика министрлиги менен биргеликте доллардан кетүүнү Өкмөткө сунуштаган. Бул боюнча бүгүнкү күндө өкмөттүн токтому күчүнө кирди. Өкмөттүн токтомуна ылайык мындан ары контрактар чет элдик валюта менен төлөнбөй, бир гана улуттук акча менен төлөнө баштайт. Анткени, биз улуттук валютабызды чыңдоо максаттында мындай иштерди жүргүзүүдөбүз. Себеп, буга чейин улуттук валюта сом деп көрсөтүлгөнү менен Кыргызстандагы баалар доллар менен көрсөтүлүп келген”,- дейт Б.Казаков.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу