11.04.2016, 13:05

Болсунбек Казаков: “ЖОЖдогу контрактан түшкөн каражат студенттердин өзүнө жумшалышы керек”

 Болсунбек Казаков: “ЖОЖдогу контрактан түшкөн каражат студенттердин өзүнө жумшалышы керек”

Бишкек, 11-апрель /Шаххан Мырзабеков-Кабар/. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйында Мамлекеттик антимонополдук жөнгө салуу агенттигинин жетекчиси Болсунбек Казаков билдирди.

Анын айтымына караганда, Мамлекеттик антимонополдук жөнгө салуу агенттиги тарабынан Кыргызстандын жогорку окуу жайлары контрактан түшкөн каражатты студенттердин өзүнө жумшалышы керек деген принцип киргизилип жатат.

“Эгерде ал каражат студентке жумшалбаса анда ал каражат кайра студентке кайтарылып берилиши керек. Себеби, өзүңүздөр билгендей жогорку окуу жайларынын материалдык жана техникалык жабдуулары начар абалда. Ошондой эле, бүгүн интернеттин заманы болуп турганда айрым окуу жайларда интернет да жок. Ошондуктан, жогорку окуу жайы болобу же башка окуу жай болобу талапка жооп бербесе, анда алар өзүнөн-өзү атандаштыкка туруштук бере албай жоюлуп кетет.

Башкача айтканда, жогорку окуу жайлары үчүн атандаштык чөйрөсүн түзүп берип жатабыз. Мындан улам ар бир жетекчи өзүнүн окуу жайында контрактын баасын түзүп жатканда ойлонушу керек болот. Себеп, ошол контрактын баасы атандаштыкка жооп береби жана ал контракты алгандан кийин билим сапатты да ошого жооп береби деп ойлонушу зарыл”,-дейт Б.Казаков.