11.04.2016, 12:33

Кыргызстанда күйүүчү май кымбаттады

Бишкек, 11-апрель /Кабар/. 2016-жылы 11-апрелден баштап республиканын бардык аймактарында АИ-80, АИ-92 жана дизель отуну 1 сомго кымбаттады. Бул тууралуу Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди.

"Баанын кымбатташына мезгилдик фактор таасир этүүдө. Акыркы учурда Россиянын рыногунда күйүүчү майга болгон суроо-талап көбөйгөн. Мунай продукциясынын дүң баасы апрелде 10-15%га кымбаттады. Мындан тышкары, россиялык мунайды иштетүүчү заводдордогу ремонт иштеринен улам орус өкмөтү ишкерлерге 2,1 миллион тонна бензин запасын топтоону сунуштаган", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда республика күйүүчү май менен үзгүлтүксүз камсыз болууда. Биринчи кварталда өлкөгө 111 миң тонна бензин жана 103 миң тонна дизель майы алып келинген.