Экономика

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
08/04 17:48
 

Өткөн жылы 100 миң тоннага көп картошка өндүрүлгөн

 Өткөн жылы 100 миң тоннага көп картошка өндүрүлгөн

Бишкек, 8-апрель /Минара Ибраева-Кабар/. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигине КР айыл чара жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев билдирди.

“Туура быйыл картошка арзан баада сатылып, дыйкандардын эмгеги акталбай калып жатат. Анын кандай себептери бар? Баа эмне себептен түшүп кетип, картошкаларын сата албай жатабыз деген суроого төмөнкүчө жооп берет элем. Биринчиден, 2015-жылы 100 миң тоннага көп картошка өндүрүлгөн. 2014-жылы өндүрүлгөн картошканын көлөмү 1 млн 320 тоннаны түзсө, 2015-жылы 1 млн 416 миң тонна картошка өндүрүлгөн. Бул жылдагыга караганда 100 миң тонна картошка көп өндүрүлгөндүгүнөн кабар берет. Экинчиден, биздин салтка айланган рыногубуз Казакстан жана Россия болуп саналат. Бул эки өлкөдө тең бирдей баалар түшүп кетти”,-деди Э.Чодуев

“Ал эми министрлик тарабынан кандай азык-түлүккө басым жасап, кайсы жашылча-жемишти айдоо керектиги боюнча алдын ала дыйкандарга айтып, маалымдап турабыз. Буга чейин бул багыттагы маселеге көп көңүл бурулган эмес. Эми быйыл буга өзгөчө басым жасалат. Бирок жер дыйкандын менчиги болгондуктан биз кийлигише албайбыз”,-деп кошумчалады министрдин орун басары.

Эскерте кетсек, жалпыга маалымадоо каражаттарына быйыл картошканын баасы арзан болуп, дыйкандардын эмгеги акталбай бушайман болуп жаткандыгы тууралуу маалыматтар чыккан эле.

“Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу