Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
08/04 12:52
 

2015-жылы Кыргызстанга лизинг аркылуу 1699 даана техника келди

 2015-жылы Кыргызстанга лизинг аркылуу 1699 даана техника келди

Бишкек, 8-апрель /Минара Ибраева-Кабар/. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигиндеги өткөн маалымат жыйында КРнын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев билдирди.

“Бүгүнкү күндө лизинг маселеси туура жолго коюлуп, ага көбүрөөк басым жасалып келе жатат. Бул тармак аркылуу бизге жалпысынан 1699 даана ар кандай техника келген. Учурда жеке түзүмдөр менен иштеген ишканалар дагы бар. Андан сырткары мамлекеттик деңгээлде “Айыл банк” аркылуу лизингге техника берилип жатат. Бул албетте биз үчүн дагы, дыйкандарыбыз үчүн дагы кубандыраарлык нерсе”,-дейт Э.Чодуев.

“Ошондой эле, бизге колдоо көрсөтө турган эки чоң багыт бар. Алардын бири “Еврозиялык” банк. Бул банк анткризисттик фонду аркылуу 20 млн доллар бөлүп берген. Ал эми экинчиси Польша мамлекетинен 40 млн евро берилип жатат. Бул албетте өлкөбүздүн айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө, дыйкандарга колдоо көрсөтүүгө жумшала турчу каражаттар”,-деди ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу