Экономика

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
08/04 12:10
 

Республикада жазгы талаа иштери өз нугунда жүрүп жатат

 Республикада жазгы талаа иштери өз нугунда жүрүп жатат

Бишкек, 8-апрель /Минара Ибраева-Кабар/. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигиндеги өткөн маалымат жыйында КРнын айыл чара жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев билдирди.

“2015-жылы айыл чарба тармагында бир топ жакшы жетишкендиктер болду. Анткени, өткөн жылы түшүм мол болуп, жалпысынан 197 млрд 65 миллион сомдук азык-түлүк өндүрүлдү. Ал эми бүгүнкү күндө 2016-жылдын эсебинен 14 млрд 803 миллион сомдук азык-түлүк даярдалды”,-деди Э.Чодуев.
Анын айтымында өлкөбүздө жазгы талаа иштери кызуу жүрүп жаткан учуру.

“Айыл чарба тармагы учурда экономиканын ишенимдүү бир тармагы болуп саналат. Өз кезегинде министрлик тарабынан ишти алдыга илгерилетүү максатында кадамдар жасалууда. Ал эми жазгы талаа жумуштары өз нугунда жүрүп жатат. Түштүк жергесинде жана Чүй облусунда кылкандуу дан эгиндерди жана башка жашылчаларды эгүү иштери 50 пайыз аткарылды деп ишенимдүү айтсак болот. Ал эми Нарын жана Ысык-Көл облустарында жазгы талаа иштери жаңыдан башталып жатат”,-деп кошумчалады ал.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу