Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
06/04 13:45
 

2015-жылы Мамлекеттик геология агенттиги тарабынан мерчемделген 26 аукциондун 12 си гана өткөрүлдү

  2015-жылы Мамлекеттик геология агенттиги тарабынан мерчемделген 26 аукциондун 12 си гана өткөрүлдү

Бишкек, 6-апрель /Минара Ибраева-Кабар/. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн жыйында Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин маалымат башкармалыгынын башчысы Азиз Сапаралиев билдирди.

“Учурда мамлекеттик агенттик өткөрүп жаткан аукциондорго кимдер катыша алат жана кандай учурда катыша алат деген суроолор көп берилет. Аукционго катышууну каалагандар үчүн эч кандай тоскоолдуктар жок. Ага байланыштуу атайын шарттар иштелип чыккан. Ал шартта көрсөтүлгөн талаптарга жараша документтер тапшырылат. Ал эми уюштурулуп жаткан сынактын, аукциондун шарттары болсо атайын түзүлгөн коммиссиянын курамы тарабынан иштелип чыгат. Ал өкмөттүн токтому менен бекитилет”,-деди А.Сапаралиев.

“2015-жылы жалпысынан кен байлыктарды иштетүүгө 26 аукцион өткөрүлмөк. Анын 12не гана аукцион болду. Ал эми быйылкы жылдын эсебинен болсо 20-апрелден баштап жыл аягына чейин кен байлыктарды иштетүүгө 16 аукцион жана 7 сынак өткөрүүнү пландап жатабыз”,-деп кошумчалады ал.

Анын айтымында, учурда аукцион тууралуу кененирээк маалымат алууну каалагандар үчүн Мамлекеттик агенттиктин сайтында толук маалымат жайгаштырылган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу