Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
06/04 11:43
 

Кыргызстан өлкөнүн энергетика тармагына түз инвестиция тартууга өзгөчө маани берет

Кыргызстан өлкөнүн энергетика тармагына түз инвестиция тартууга өзгөчө маани берет

Бишкек, 6-апрель /Кабар/. Бул тууралуу КРнын вице-премьер-министри Олег Панкратов «State Power Investment Corporation» (Кытай Эл Республикасы) компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди.

“Кыргыз Республикасы өлкөнүн энергетика тармагына ири инвестиция тартууга өзгөчө маани берет. Азыркы учурда биз кубаттуугулу жогору жаңы курулуш боюнча бир нече долбоорду ишке ашырып жатабыз, алар жакын арада өндүрүлгөн электр энергиясынын көлөмүн көбөйтүүгө жол ачат. Бул электр энергиясын керектөө жылдан жылга көбөйүп жаткан шартта өтө маанилүү”,-деди О.Панкратов.

Өз кезегинде аталган компаниянын өкүлдөрү кытай ишкерлери гидроэнергетика тармагын инвестициялоого кызыкдар экенин белгилешти.
“Биз Кыргызстандын гидроэнергетика тармагындагы мүмкүнчүлүктү жана анын келечегин тыкыр изилдеп чыктык жана жылдык орто эсеп менен 4661,6 млн кВт/саат өндүрүү менен 1160 МВт кубатуулуктагы Казарман ГЭС каскадын куруу боюнча долбоорду жүзөгө ашырууга даярбыз. Биз долбоорлорду ишке ашыруу үчүн зарыл документтер жакын арада даяр болот деген үмүттөбүз. Мен аталган долбоор эки тараптын тең кызыкчылыгына жооп берет деп ишенем”,-деди инвестор.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу