06.04.2016, 10:28

Жакын арада төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча “онлайн” сервис иштей баштайт

Бишкек, 6-апрель /Кабар/. 2016-жылдын биринчи кварталында “Түндүкэлектр” ААКга төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча “онлайн” сервис иштей баштайт. Бул тууралуу Улуттук энергетикалык холдингдин басма сөз кызматы билдирди.

Анын артыкчылыгы дебитордук карыз үчүн өчүрүлгөн смарт-эсептегичти автоматтык кошуу мүмкүнчүлүгү болуп саналат. Бүгүнкү күндө сервис тесттик режимде ишке киргизилди. Өндүрүштүк ишке киргизүү 2016-жылы апрель айына пландалган.
Ошондой эле, жакын арада “ондайн” сервисти этап-этабы менен ишке киргизүү пландалууда.

Эскерте кетсек, “Түндүкэлектр” ААК 2013-жылдан бери Бишкек шаарынын локалдык тармакты оңдоп-түзөө жана электр бөлүштүрүүнүн натыйжалуулугун көтөрүү боюнча инвестордук долбоордун алкагында автоматташтырылган эсептегичтерди орнотуп келет.
Бишкекте 2015-жылдын акырына чейин 110 миң 136 “акылдуу эсептегич” орнотуу пландалган.