05.04.2016, 17:00

Кыргызстан “Ишкердик жүргүзүү” эл аралык рейтингинде 189 өлкөдөн 67-орунду ээлеп, позициясын жакшыртты

Бишкек, 5-апрель /Кабар/. 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасы “Ишкердик жүргүзүү” эл аралык рейтингинде 189 өлкөдөн 67-орунду ээлеп, өз позициясын жакшыртты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Бир жылдын ичинде Кыргыз Республикасы 35 позицияга көтөрүлүп, 102-орундан 67-орунга секирик жасады. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын рейтинги “Кредит берүү” жаатындагы реформалардын эсебинен жакшырып, 28-орунду ээледи.

“Экономикалык эркиндик – 2015” ар жылкы рейтингде Кыргыз Республикасы 151 өлкөнүн ичинен 82-орунду ээлеп, өз позициясын 13 пунктка жакшыртты. Баалоонун жалпы жогорулашы инвестициялык, акча-кредиттик эркиндик жана мамлекеттик чыгымдарды контролдоо жаатында олуттуу жетишкендиктерди чагылдырат.