Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
05/04 15:02
 

Айылчы Сарыбаев: “Кыргызстандын өзүн-өзү электр энергия менен камсыздоого мүмкүнчүлүгү бар”

 Айылчы Сарыбаев: “Кыргызстандын өзүн-өзү электр энергия менен камсыздоого мүмкүнчүлүгү бар”

Бишкек, 5-апрель /Минара Ибраева-Кабар/. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигине серепчи Айылчы Сарыбаев билдирди.

“Кыргызстан башка өлкөдөн электр энергияны сатып алууга муктаж эмес. Бүгүнкү күндө Кыргызстан өзүн-өзү электр энергия менен камсыздоого мүмкүнчүлүгү бар. Бирок, тилекке каршы биз электр энергияны туура жолго сала албай жатабыз. Тактап айтканда болгон мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдалана албай жатабыз. Мындан улам банкрот болуу чоң коркунучу бар”,-деди А.Сарыбаев.

“Ал эми ЕАЭБге кирген өлкөлөр биздин электр энергияга муктаж эмес. Алар буга чейин деле өздөрүн өздөрү камсыздап келишкен жана камсыздай беришмекчи. Тескерисинче биз бүгүнкү күндө коңшу Казакстандан сатып алып жатабыз”,-деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, жалпыга маалымдоо каражаттарында Кыргызстан ЕАЭБ рыногуна электр энергияны экспорттоого мүмкүнчүлүгү барбы деген маалыматтар тараган эле.

“Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу