Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
05/04 13:10
 

Темир Сариев: “Экономикалык өнүгүүнүн туруктуулугун камсыз кылуу негизги милдет”

Бишкек, 5-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында Темир Сариев экономиканын акыркы көрсөткүчтөрү боюнча маалымат берди.

Борбордук казыналыктын маалыматы боюнча 2016-жылдын 1-кварталында мамлекеттик бюджеттин кирешесинин көлөмү 32 165,8 млн сомду же пландалган тапшырманын 103,6% түздү. Пландалган суммадан ашкан каражат 1 114,6 млн сомду түздү. Ал эми учурунда салыктык кирешелердин көлөмү 20 293,0 млн сом же 95,7%ды түздү. Планда көрсөтүлгөн суммадан 914,5 млн сомду түздү. Ошол эле учурда өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2 021,3 млн сом же 11,1%га көп.

Мамлекеттик Бажы кызматы планды 104,6% аткарып, 5 762,4 млн сом чогултту. Мындай жол менен планда көрсөтүлгөн суммадан 252,7 млн сом ашыкча чогултулду. 2016-жылдын 1-кварталында республикалык бюджеттин 1-кварталындагы киреше көлөмү 28 533,1 млн сом же 104,6%ды түздү. Пландалган суммадан ашкан каражат 1 251,7 млн сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 41,8%га көп чогулду.

Премьер-министр макроэкономикалык туруктуулукту сактап, экономикалык өнүгүүнү камсыздоо өкмөттүн негизги милдети экенин эске салып, аны аткарууга бардык мамлекеттик органдар өз аракетин толук кандуу жумшашы керектигин белгиледи.

«Былтыркы жылы дүйнөдөгү жана Евразия экономикалык биримдигиндеги өнөктөш өлкөлөрдөгү экономикалык кризиске карабастан экономикалык өсүүнүн оң динамикасын сактап калдык. Анын жыйынтыгында былтыркы жылы 98 социалдык обьект, анын ичинде 73 мектеп курдук. Ошондой эле ар бир райондо 10 дон кем эмес ишкана ачуу тапшырмасы берилип, өлкө боюнча 647 жаңы ишкана ачылды жана 10594 жумушчу орун түзүлдү”-деди Темир Сариев.

Премьер-министр Өкмөттүн бул жааттагы иш-аракеттери толугу менен уланып, дагы күчөтүлөрүн жана ар бир жетекчинин жоопкерчилиги караларын кошумчалады.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу