Экономика

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
05/04 12:22
 

Эркинбек Чодуев: “Кыргызстанда жер семирткич боюнча эч кандай көйгөй жок”

 Эркинбек Чодуев: “Кыргызстанда жер семирткич боюнча эч кандай көйгөй жок”

 Бишкек, 5-апрель /Шаххан Мырзабеков-Кабар/. Үстүбүздөгү жылы республика боюнча жалпы 200 миң тонна жер семирткич керектелет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КРнын Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев билдирди.

“Бүгүнкү күндө жер семирткич боюнча эч кандай маселе жок. Быйыл республика боюнча жалпы 200 миң тонна жер семирткич керектелет. Ошондуктан өлкөнүн дыйкандарын минералдык жер семирткичтер менен камсыздоо максатында КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фондусу Өзбекстандын “ФергенаАзот” ААК деген ишкана менен келишим түзгөн.

Башкача айтканда, аталган фонд аркылуу 2016-жылы Өзбекстандан 140 миң тонна (анын ичинен 100 миң тоннасы селитра, 40 миң тоннасы карбамид) азот минералдык жер семирткичи алынып келинет. Ошондой эле, Кыргызстанга коммерциялык фирмалар жана кыргыз улуттук минералдык жер семирткич боюнча ассоциациясы тарабынан жер семирткич алынып келип жатат. Тагыраагы, өлкөгө жыл башында 54,3 миң тонна жер семирткич алынып келинди”,-дейт Э.Чодуев

“Жер семирткичтердин 1 килограммынын дүң баасы орточо эсеп менен 16,6-18,8 сомго барабар. Тактап айтканда, Кыргызстандын түштүк аймагында 1 кг селитранын баасы 16 сом 60 тыйын, ал эми 1 кг карбамид 18 сом 80 тыйын болууда. Ал эми Бишкекте 1 кг аммофосттун баасы 23 сомдон болуп жатат”,- деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, аймактарга жер семирткичтер жетпей жаткандыгын жергиликтүү ЖМКлар жазышууда.

“Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу