Экономика

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
05/04 11:53
 

Жапония Кыргызстандын чакан жана орто бизнесине 100 млн иен долбоордук эмес грант берет

Бишкек, 5-апрель /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети «2015-жылдын 26-октябрында кол коюлган чакан жана орто бизнес товарларын берүү жөнүндө долбоордук эмес Гранттык жардам боюнча КР Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы Алмашуу нотасын ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Келишимдин шарттарына ылайык, 100 млн йен өлчөмүндөгү долбоордук эмес грант эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди бекемдөө жана кызматташтык алакаларды арттыруу максатында, чакан жана орто бизнес товарлары түрүндө берилет. Ал Жапон Өкмөтүнүн долбоордук эмес гранттык жардамынын алкагында бөлүнөт. Сатып алына турган товарлардын тизмеги эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда макулдашылат.

Белгилей кетчү нерсе, кыргыз тараптын алдында гранттык товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдү бажы алымдарынан, ички салыктардан, дагы башка баардык жыйымдардан толук бошотуу милдети турат. Келишимде каралган баардык иш-чаралардын аткарылуу жүрүмү Жапон Эл аралык агенттиги (JICA) тарабынан көзөмөлгө алынат. Бул келишим Кыргызстандын чакан жана орто бизнесинин өнүгүшүнө түрткү берет.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу