Экономика

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
04/04 15:33
 

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү мерчемделгенден 1,76 млрд кубметрге көп

Бишкек, 4-апрель /Кабар/. 2016-жылы 4-апрелге карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү – 8,9 млрд кубметрди түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,6 млрд кубметрге көп. Анда суунун көлөмү 6,3 млрд кубметрди түзгөн. Бул тууралуу “КРнын улуттук энергетикалык холдинги” ААКтын басма сөз кызматы билдирди.

Муну менен катар КРнын Өкмөтүнүн “КРнын калкын жана экономикалык тармакты 2015-2016-жылы күзгү-кышкы жылуулук мезгилине даярдоо тууралуу” токтому менен суу сактагычтагы суунун көлөмү 7,14 млрд куб метр деп пландалган, ал эми учурда суунун көлөмү күтүлгөндөгүдөн 1,76 млрд кубметрге көп.

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү жагымдуу климаттык шартка, КРнын электр энергиясына болгон керектөөсүнүн кыскаргандыгына жана Бишкек ЖЭБдин иштешине байланыштуу болду.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу