02.04.2016, 10:39

«Газпром» компаниясы Кыргызстан үчүн жаратылыш газынын баасын арзандатты

 «Газпром» компаниясы Кыргызстан үчүн жаратылыш газынын баасын арзандатты

Бишкек, 2-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен россиялык «Газпром» компаниясынын жетекчиси Алексей Миллердин ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү болду.
Сүйлөшүүдө Алексей Миллер Мамлекет башчысынын кайрылуусуна ылайык “Газпром” 2016-жылдын 2-кварталынан тартып, 1000 кубометр жаратылыш газынын сатып алуу баасын 165 АКШ долларынан 150 долларга төмөндөтүү жөнүндө чечим кабыл алгандыгын билдирди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев жана «Газпром» компаниясынын жетекчиси Алексей Миллер ошондой эле “Газпромдун” катышуусу менен Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан эки тараптуу долбоорлордун азыркы абалына жана келечегине байланыштуу маселелерди талкуулашты.