Экономика

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
01/04 14:41
 

Кыргызстан ЕАЭБге киргенден тарта товарлардын көлөмү кыскарса да, бажы алымынын көлөмү 4 млрд сомго көбөйгөн

 Кыргызстан ЕАЭБге киргенден тарта товарлардын көлөмү кыскарса да, бажы алымынын көлөмү 4 млрд сомго көбөйгөн

Бишкек, 1-апрель /Кабар/. Кыргызстан Евразия экономикалык бирлигине киргенден тарта Кытай менен Түркиядан ташылып келинген товарлардын көлөмү кыскарып жатканына карабастан, бажы алымынын көлөмү 4 млрд сомго көбөйгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адамкул Жунусов билдирди.

Анын пикиринде, кошумча каражат ЕАЭБ курамына киргенден баштап бир катар бажылык жеӊилдиктердин алынып салынганынан улам түшкөн. «Кара-Суу» менен «Мадина» базарларындагы ишкердик субъекттердин саны бир аз көбөйсө, «Дордой» базарында алардын саны 400гө азайды», - дейт Бажы кызматынын жетекчиси.

Ал эми Жогорку Кеӊештин төрагасы Асылбек Жээнбеков ага жооп катары Кыргызстандын базарларында иштеген субъекттердин саны иш жүзүндө мурдагы бойдон калганын, бирок ишкерлер арасында Өкмөт тарабынан колдоо болбой жатканы тууралуу нааразычылыктар арбып баратканын баса белгиледи.

Премьер-министр Темир Сариев мындай нааразычылыктардын тек-жайын «Дордой» базарына келген товарлардын 99 пайызы андан ары Орусия менен Казакстанга ташылып кетерин, бирок алардын сатып алуу мүмкүнчүлүгү чектелип калганы менен түшүндүрдү.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу