Экономика

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
01/04 09:09
 

Премьер-министр: «Инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча иштердеги кемчиликти жоёбуз»

Бишкек, 1-апрель /Кабар/. Бул тууралуу Темир Сариев Жогорку Кеңештин инвестициялык саясат боюнча талкуулаган жыйынында билдирди. Премьер-министр Кыргыз өкмөтү инвестициялык климатты жакшыртуу жана бизнеске ыңгайлуу шарт түзүү боюнча иш аракетти күчөтүү менен конкреттүү жыйынтыктарга жетишүүнү максат кылганын белгиледи.

«Албетте, экономика тармагында, инвестиция тартууда белгилүү маселелер, кыйынчылыктар бар. Айрым мамлекеттик органдардын ишинде кемчиликтер да бар. Бирок бул кемчиликтерди жоюу боюнча жигердүү иштерди жүргүзүлүп жатат жана Өкмөт бул боюнча аракетти улантат»-деди Темир Сариев.

Премьер-министр быйылкы жылы мамлекеттин эсебинен 45 миллиард сом инвестиция салынарын жана тике инвестициянын көлөмүн көбөйтүү боюнча бир катар чаралар көрүлөрүн кошумчалады.
Жогорку Кеңеш жыйын соңунда Өкмөттүн инвестициялык жааттагы саясатынын жана ишкерликке шарт түзүү, экспортту колдоо жаатындагы аткарып жаткан иштеринин негизинде токтом кабыл алды
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу