Экономика

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
01/04 09:04
 

Кытай кыргыздын сапаттуу балын сатып алууга даяр

Кытай кыргыздын сапаттуу  балын сатып алууга даяр

Бишкек, 1-апрель /Кабар/. «Эгерде кыргыз балы Кытай Эл Республикасына экспорттолсо, жергиликтүү балчылардын кирешеси көбөйүп, бул тармакта өндүрүмдүүлүк артат». Бул тууралуу, 31-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Айыл-чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев баштаган топ Үрүмчү шаарына барып, кыргыз балын саткан ири соода борбордун ачылышына катышып келди. Мындан сырткары Үрүмчүдө «Кыргыз балы» деген музей ачылып, анда Кыргызстан тууралуу маалыматтар жана бал өндүрүүнүн жолдору боюнча кеңири маалыматтар коюлган.

Келечекте Кытайда 800 жерде кыргыз балын саткан атайын соода түйүндөрү ачылат. Азыркы тапта Үрүмчү шаары 900 тонна, ал эми КЭР 400 миң тонна бал керектейт. Кытай тарап эгерде сапаттуу бал болсо биз канча болсо алууга даярбыз деген оюн билдиришкен. Мындан сырткары Кытай тарап Кыргызстандан эт, сүт жана жашылча-жемиштерди алууга да кызыкдар экенин билдирген.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу