Экономика

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
31/03 18:06
 

Ала-Бука районунун дыйкандары продукциясын "Каз Минералз Бозымчак" ЖЧКга сатышууда

Бишкек, 31-март /Эмилбек Момунов-Кабар/. Мындай маалыматты бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөрүлгөн маалымат жыйынында Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Жумагүл Эгембердиева билдирди. Анын айтуусунда, акыркы жылдары облус аймагында жер-жемиштерден суусундуктарды, варенье жана сүт азыктарын даярдоо колго алынууда. Мисалы, Аксы, Ала-Бука райондорунда жеке ишкер аялдар алма, помидор, кайналыдан суусундук чыгарышып, аны жергиликтүү компанияга келишим менен дүңүнөн сатып жатышат.

“Жалал-Абад облусу өнөржайлуу гана эмес, айыл чарбасына да ыңгайлуу аймак. Алсак, Сузак жана Базар-Коргон райондорунда 50 миң гектар жаңгак токою бар. Бүгүнкү күндө түркиялык жана ирандык ишкерлер бул жемишти сатып алышып, кондитердик азыктарды жеринде даярдашууда. Ал эми Аксы районунда кайналы жакшы өскөндүктөн, андан варенье жасагандар көбөйүп жатат. Ала-Бука районунун ишкер аялдары помидор, алма жана башка жер-жемиштерден суусундуктарды даярдашып, миңдей адам иштеген кыргыз-казак биргелешкен "Каз Минералз Бозымчак" ЖЧКга  сатып жатышат. Бул ишкана мындан тышкары жергиликтүү дыйкандардан бал, эт, сүт жана башка керектүү азыктарды сатып алып жатат. Демек, ишкерлер менен дыйкандар өз продукциясын сатып өткөрүүдөн кыйналышпайт”,- деди ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу