Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
16/03 08:58
 

Бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнөн турган Эксперттик кеңеш түзүлмөкчү

Бишкек, 16-март /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында ушундай чечим кабыл алынды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Талкуу жүрүшүндө айрым депутаттар Эксперттик кеӊештин ыйгарым укуктары белгисиз болгондуктан, талаш-тартыш жарала турганын, ошондуктан аны түзүүнүн зарылчылыгы деле жок экенин айтышты. Демилгечилердин бири дпутат Дастан Бекешев Эксперттик кеӊештин мүчөлөрүнүн мыйзам долбоорлору боюнча пикири сунуш катары гана санала турганын билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин тармактык комитеттин мүчөлөрү Дастан Бекешев, Марат Аманкулов, Элвира Сурабалдиева Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин алдында бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнөн турган Эксперттик кеңеш түзүү демилгесин көтөргөн.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу