Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
15/03 15:33
 

Премьер-министр:«Өкмөт айыл чарба тармагындагы мамлекеттик колдоону күчөтөт»

Бишкек, 15-март /Кабар/. Бул тууралуу Темир Сариев Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициясынын 14-марттагы жыйынында билдирди.
Премьер-министр Темир Сариев айыл чарба тармагында Өкмөттүн алдында негизги тамак-аш азыктарын өлкөдө өндүрүлгөн продукциянын эсебинен камсыздоо милдети турганын белгиледи. Буга байланыштуу өкмөт айыл чарбасында төмөнкү приоритеттерди аныктап, иш алып барып жатат.
Анын алкагында, кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү жана жаңы технологияларды интенсивдүү түрдө киргизүү, логистикалык борборлорду түзүү, тамчылатып сугаруу технологиясын өнүктүрүү, күнөсканаларды түзүү, айыл чарба техникасын лизингге берүү, асыл тукум жана үрөнчүлүк чарбаларын колдоо, технологиялык жактан жабдылган мал союучу жайларды курууга маани берилет.

Премьер-министр белгилегендей, бул максаттарды ишке ашыруу үчүн айыл чарбасын каржылоо программасынын алкагында үч жылдык мөөнөт менен 10 пайыздык үстөк 4 млрд сомго жакын каражат бөлүндү, өлкөдө 260 күнөскананы куруу боюнча кредиттер берилет.
Ошондой эле Премьер-министр асыл тукум жана үрөнчүлүк чарбаларды каржылык колдоо көрсөтүүгө каражаттар табылып, айыл чарба продукцияларына сертифициялоо үчүн Бишкек жана Ош шаарында 2 ветеринардык жана фитосанитардык лаборатория аккредитациядан өттү. Жылдан аягына чейин башка аймактардагы 7 ветеринардык жана 2 фитосанитардык лаборатория аккредитацияланарын билдирди.

Премьер-министр маалымдгандай, Материалдык резервдер фонду 6 миң тонна жер семирткич сатып алган. «Ферганаазот» заводу менен дагы 100 миң тонна аммиак селитрасын жана 40 миң тонна карбамид алуу боюнча келишим түзүлгөнүн билдирди.
Ошондой эле ар бир айылда агротехникалык кызмат көрсөтүүчү машина-трактордук станциялар түзүлүп, алар жыл сайын “Айыл Банк” аркылуу эң аз дегенде 300 техниканы лизингге берилмекчи.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу