Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
15/03 15:11
 

Кыргызстанда өндүрүштүн 12 тармагы чет элдик рынокторго эркин чыга алат

Кыргызстанда өндүрүштүн  12 тармагы  чет элдик рынокторго эркин чыга алат

Бишкек, 15-март /Минара Ибраева-Кабар/. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигине “Кыргызленд” Экспорттоолчулар жана импортточулар ассоциациясынын директору, Кыргызстандагы “Евразия ишкерлер кеңеши” евразия экономикалык зонанын ишкерлер союзунун расмий өкүлү Ниязбекова Ленара билдирди.

“Учурда өлкөбүздөгү өндүрүштүн 12 тармагы чет элдик рынокторго эркин чыгууга мүмкүнчүлүгү бар. Алар сүт өндүрүүчүлөр, колбаса өндүрүүчүлөр, жер-жемиш, бал жана башка өндүрүүчүлөр. Албетте бул жакшы көрсөткүч. Бирок биз бул көрсөткүч менен гана чектелип калбастан мындан ары дагы көбөйтүшүбүз керек. Анткени бизде мүмкүнчүлүктөр чоң”,-деп айтты Л.Ниязбекова.

Ленара Ниязбекова чет элдик рынокко чыгуу үчүн атайын суроо талаптар бар экендигин айтып төмөнкүлөргө токтолду: “Бүгүнкү күндө фермерлер үчүн Россиянын рыногуна чыгууга эки гана сертификат талап кылынат. Биринчиси фитосанитардык сертификат, экинчиси азыктардын жергиликтүүлүгү жөнүндөгү сертификат. Эгерде бул эки сертификат фермерлердин колунда болсо эч кандай тоскоолдуктар болбойт. Ал каалаган учурда өзүнүн өндүрүлгөн азык-түлүктөрүн чет элдик рынокко алып чыга алат”,-деди.

Эскерте кетсек, бүгүн жалпыга маалымдоо каражаттарында кыргыз ишкерлери өндүрүп жаткан азык-түлүктөрдү Россиянын рыногуна алып чыгууга чоң шарт түзүлгөндүгү тууралуу маалыматтар чыккан.

“Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу