Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
15/03 14:20
 

Кыргыз Өкмөтүнүн антикризистик программасы бар

 Кыргыз Өкмөтүнүн антикризистик программасы бар

Бишкек, 15-март /Шаххан Мырзабеков-Кабар/. Кыргыз Өкмөтүнүн антикризистик программасы бар. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев билдирди.

“Өзүңүздөр билгендей эле Өкмөттүн антикризистик программасы 2015-жылы да болгон. Тагыраагы Өкмөттүн аталган програмасында 40ка жакын иш чарасы бул антикризистик чарбалар болуп өзүнчө блокко бөлүнгөн. Ал толугу менен аткарылды. Ал эми биз үстүбүздөгү жылдын жыйынтыгы чыга электе эле, экономикалык абалды карап туруп, антикризистик программаны иштеп чыгып жана аны январь айында кабыл алганбыз.

Башкача айтканда, Өкмөттүн бул жолку антикризистик програмасынын эң негизги максаттарынын биринчиси макроэкономикалык туруктуулуктуу сактоо. (Валюта базарындагы сомдун курсун туруктуу сактоо, мамлекеттик финансы балансын сактоо (киреше жана чыгаша) жагы да өтө маанилүү. Анткени, мамлекеттин дагы чыгаша жагын карап көрсөк, бүгүнкү экономикалык абалга да өз таасирин тийгизет). Экинчиси базардагы баалардын кескин түрдө өсүп кетпеши үчүн бааларды туруктуу кармоо жана азык түлүк коопсуздугуна көңүл буруу”,- дейт Д.Иманалиев.

“Ошондой эле, аталган программанын дагы бир чоң багыты экспортту өнүктүрүү. Бул үчүн атайын агенттик түзөлү жана экспортту өнүктүрүү үчүн салык жагын кайра карап чыгалы деп жатабыз. Анткени, экспортко кетип жаткан товарларды салыктан бошотуу чечимин кабыл алдык. Аны менен бирге эле сатыктан алынуучу салык жокко чыгарылды. Ал эми үстүбүздөгү жылдын 1-июндан баштап кыргыз ишкерлер накталай акча менен эмес которууларды жүргүзсө, анда алардан алынуучу салык алынбайт. Бул дагы ички ишкерлерибизге чоң жардам болот.

Себеби, ишкерлер салыкка төлөөчү каражатты өзүнүн ишин өсүп-өнүктүрүүсүнө жумшай алат. Андан тышкары экспортту өнүктүрүү максатында экспорттоого болгон процедуралардын барын жеңилдештирүү боюнча сунуштарды киргизип жатабыз. Ошондой эле, биз товарларды эле экспорттоону ойлобостон, кызмат көрсөтүү жагын да экспорттоону сунуш кылуудабыз. Себеби, биздин медициналык кызматтарыбызга же болбосо билим берүү кызматтарыбызга болгон суроо талап өтө жогору. Мисалы, Индиядан, Пакистандан студенттер келип окуп жатышат. Андан сырткары Европанын бир канча өлкөлөрүнөн тиштерин же пластикалык операция жасатуу үчүн бизге чет элдик жарандар келүүдө. Анткени, алардын бул жакка келип кеткен самолетунун билетин кошкондо дагы, бул жактан операциясы жасатуу алар үчүн арзан болуп жатат. Ошондуктан, бул тармакка көңүл бурсак, анда биздин экономикага келген доллардын булагы көбөйөт”,- деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, Кыргыз Өкмөттүнүн антикризистик программасы жок экенин жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышкан.

“Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу