Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
15/03 12:04
 

Кыргызстандын фермерлери үчүн интеграциялык соода-экономикалык аянтча ачылды

 Кыргызстандын фермерлери үчүн интеграциялык соода-экономикалык аянтча ачылды

Бишкек, 15-март /Минара Ибраева-Кабар/. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында “Кыргызленд” экспорттоочулар жана импорттоочулар ассоциациясынын директору, Кыргызстандагы “Евразия ишкерлер кеңеши” евразия экономикалык зонанын ишкерлер союзунун расмий өкүлү Ниязбекова Ленара билдирди.

“2015-жылдын 10-11-декабрында Бажы биримдигинин алкагында Москвадагы “Кыргыз-Экспо” Кыргыз биримдиги диаспорасынын активдүү өкүлдөрү тарабынан бизнес форум уюштурулган. Бул форумдун демилгеси менен жана Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү шарапаты менен Москвада 300 квадрат метр интергациялык соода-экономикалык аянтына ээ болдук”,-деп айтты Л.Ниязбекова.

“Бул соода аянтчасы Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдүн ортосундагы соода жүгүртүүнү жандандыруу, турукташтыруу үчүн ачылды. Ошондой эле, бул аянтча кыргыз ишкерлери өндүрүп жаткан азык-түлүктөрдү Россиянын рыногуна алып чыгууга чоң шарт түзүлдү”,-деп кошумчалады ал.

Анын айтымында мындай жаңылык биздин дыйкандар жана ишкерлер үчүн эң эле кубанаарлык нерсе. Анткени, Кыргызстанда тышкы рынокко чыгуу маселеси актуалдуу эле. Ал эми, бүгүнкү күнү бизге Россиянын рыногуна чыгуу үчүн чоң мүмкүнчүлүк түзүлүп отурат. Тактап айтканда өндүрүүчүдөн кардарга чейинки ортомчусуз жол деп аталган соода аянтына ээ болдук.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу