Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
15/03 10:47
 

Финмин: 2016-жылдын 2 айындагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы

Бишкек, 15-март /Кабар/. Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматтары боюнча 2016-жылдын январь-февралында ИДПнын реалдуу өсүшүнүн азаюусу 7,8 пайыз түздү, бул 2015-жылдын тийиштүү мезгилинен 16,7 пайыздык пунктка төмөн, ал эми ИДПнын номиналдык көлөмү 49,4 млрд сом деңгээлинде түзүлдү. Бул тууралуу финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда, экономиканын төмөндөшү өнөр жай өндүрүшүнүн (Кумтөрдү кошпогондо) (4,2%) жана курулуштун (3,6%)төмөндөшүнүн натыйжасында 0,1 пайызды түздү (2015-жылдынянварь-февраль айларында 2,9 пайызга өскөн).

2016-жылдын январь-февраль айларында керектөө бааларынын индексининөткөн жылдын декабрына карата азаюусу 0,3 пайызды түздү (2015-жылдын январь-февралында 2014-жылдын декабрына карата өсүш1,7 пайызды түзгөн).
Былтыркы жылдын тийиштүү мезгилине карата керектөө бааларынын индекси 1,6 пайызды түздү (2015-жылдын январь-февралында 2014-жылдын январь-февралына карата 11,3 пайызды түзгөн).

Доллардын эсептик курсу 2015-жылдын февралынын аягына карата 21,15 пайызга жогорулап, 2016-жылдын февраль айынын аягына карата 1 АКШ доллары 74,2525 сомдутүздү.

2016-жылдын январь-февраль айларынын жыйынтыгы боюнча өндүрүш өнүмдөрүн өндүрүү,реалдуу алганда,34,8 пайызга азайды(2015-жылдын январь-февралында 37,8 пайызга өсүш болгон). Өнөр жайдагы(Кумтөрдү эске албаганда)4,2 пайызга төмөндөө(2015-жылдын январь-февралында 2,0 пайызга өсүш болгон) кайра иштетүүчү өнөр жай өндүрүшүнүн 44,9 пайызга, энергетика секторунун8,2 пайызга төмөндөөсүнүн эсебинен байкалды. Пайдалуу кендерди казып алууда1,6 эсе өсүш байкалды.

2016-жылдын январь-февралында кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү реалдуу өсүш 2,5 пайызды түздү (2015-жылдын январь-февралында өсүш 3,3 пайызды түзгөн). Дүң жана чекене соода, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоо кызматтарынын өсүшү 5,5пайызды түзгөн, ошону менен бирге чекене сооданын өсүшү (автомобилдерди жана мотоциклдерди сатуудан тышкары) 3,1 пайызды түздү.
Мейманканалардын жана ресторандардын кызмат көрсөтүүлөрү2016-жылдын январь-февралында 7,1 пайызга көбөйдү (2015-жылдын январь-февралында 5,6 пайызга өскөн).
Почталык жана чабармандык иш кызматтары2016-жылдын январь-февралында 2015-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 22,8 пайызга төмөндөдү, байланыш кызматтары4,8 пайызга көбөйүп, тарифтик кирешелер 4 363,7 млн сомду түздү.
Жүргүнчүлөрдү ташуу кызматтары 2016-жылдын январь-февралында 2,7 пайызга өстү. Транспорттун бардык түрлөрү тарабынан ташылган жүктөрдүн көлөмү 4,6 пайызга көбөйдү(2015-жылдын январь-февралында 4,2 пайызга өскөн).
2016-жылдын январь-февралында айыл чарба, токой чарба жана балык уулоо өнүмдөрүнүн көлөмү 14 803,3 млн сомду, өсүш 1,3 пайызды түздү (2015-жылдын январь-февралында 0,4 пайызга өскөн).
2016-жылдын январь-февралында негизги капиталда инвестицияларды өздөштүрүү деңгээли өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу бардык каржылоо булактарынын эсебинен 10,3 пайызга төмөндөдү(2015-жылдын январь-февралында 1,5 пайызга өскөн). Отчёттук мезгилде иш жүзүндө 7 888,4млн сом негизги капиталда өздөштүрүлдү.
Курулуштун дүң өнүмүнүн жалпы көлөмү 2016-жылдын январь-февралында 3,6 пайызга төмөндөп,7 583,9 млн сомду түздү (2015 жылдын январь-февралында 4,3 пайызга төмөндөгөн).
Расмий катталган жумушсуздардын саны 2016-жылдын февралынын этегинде 57,4 миң адамды түзүп, 2015-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3,0 пайызга азайды(2015-жылдын январь-февралында 0,2 пайызга өскөн).
Орточо айлык эмгек акынын реалдуу өсүшү 2016-жылдын январында 10,8 пайызды түздү, акчалай туюнтканда орточо айлык эмгек акы 13 190 сом деңгээлинде түзүлдү.
Алдын ала маалыматтар боюнча тышкы соода жүгүртүү 2016-жылдын январында 316,4 млн АКШ долларын түзүп, 2015-жылдын январына салыштырмалуу 26,9 пайызга азайды, анын ичинде экспорт 88,0 млн АКШ долларын (39,9 пайызга төмөндөдү), импорт – 228,4 млн АКШ долларын (20,3 пайызгатөмөндөдү) түздү.
Импорттун көлөмү экспорттун көлөмүнөн чоңоюп кеткенине байланыштуу соода балансынын терс сальдосу 2015-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 0,2 пайызга өсүп, 140,4 млн АКШ долларын түздү.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу