Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
15/03 08:57
 

Т.Сариев: «Тамак-аш азыктарын өзүбүздүн продукциянын эсебинен камсыздоо милдети турат»

Бишкек, 15-март /Кабар/. Бул туурасында Темир Сариев Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктүн жыйынында билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, 2015-жылы өлкөбүздө 9 (тогуз) базалык азык-түлүктөрдүн төртү (нан жана нан азыктары, картошка, жашылча жана бакча өсүмдүктөрү, сүт жана сүт азыктары) гана өндүрүлгөн. Калган 5 азык-түлүк ( жер жемиштер, шекер, өсүмдүк майы эт жана эт азыктары, жумуртка) тыштан импорттолот.

Былтыр тамак аш азыктарынын импорту 412 миллион долларды же жалпы импорттун 10,1%ын түздү. (Экспорт 6,3% же 106 млн долл).

Ошондуктан Өкмөт айыл чарбасында төмөнкү багытта иш алып барууда:

1. Кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү жана жаңы технологияларды интенсивдүү түрдө киргизүү;

2. логистикалык борборлорду түзүү,

3. тамчылатып сугаруу технологиясын өнүктүрүү,

4. күнөсканаларды түзүү,

5. айыл чарба техникасын лизингге берүү,

6. асыл тукум жана үрөнчүлүк чарбаларын колдоо,

7. технологиялык жактан жабдылган мал союучу жайларды куруу.

Бул максаттарды ишке ашыруу үчүн 2016-жылы айыл чарбасын колдоо багытында төмөнкүдөй чаралар көрүлүүдө:

- Айыл чарбасын каржылоо (ФСХ-4) программасынын алкагында үч жылдык мөөнөт менен 10 пайыздык үстөк 4 млрд сомго жакын каражат бөлүндү.

- Өлкөдө 260 күнөскананы куруу боюнча кредиттер берилет.

- 1000 гектар жерге тамчылатуу ыкмасы менен сугарууга шарт түзүү.

- Асыл тукум жана үрөнчүлүк чарбаларды каржылык колдоо көрсөтүүгө каражаттар табылды.

- Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принцибин колдонуу менен колдоонун механизмдери иштелип чыкты. Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай тармагын 2020-жылга чейин өнүктүрүү боюнча программа кабыл алынат.

- Айыл чарба продукцияларына сертифициялоо үчүн Бишкек жана Ош шаарында 2 ветеринардык жана фитосанитардык лаборатория аккредитациядан өттү. Жылдан аягына чейин башка аймактардагы 7 ветеринардык жана 2 фитосанитардык лаборатория аккредитацияланат.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу