Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
15/03 08:46
 

ЖКнын көпчүлүк коалициясы өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу боюнча Өкмөттүн маалыматын жактырды

Бишкек, 15-март /Кабар/. Жогорку Кеӊештин парламенттик көпчүлүк коалициясынын жыйынында 2016-жылы Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу боюнча КР Өкмөтүнүн маалыматы угулду. Жыйынтыгында өлкөнү социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу боюнча Өкмөтүнүн маалыматын эске алуу чечимин кабыл алынды.

Премьер-министр Темир Сариев өлкөдө коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык абал негизинен туруктуу экенин билдирди. Ал Өкмөт өлкө экономикасындагы орчундуу маселелерди эл өкүлдөрү менен чогуу талкуулап, жагдайды жакшыртуу жаатында алгылыктуу сунуштарды угууга кызыкдар экенин кошумчалады. «Дүйнөдө түзүлгөн геосаясий кырдаал, мунайзат наркынын кескин төмөндөп кетиши Кыргызстанга да терс таасирин тийгизбей койгон жок. Ошого карабастан, өткөн жылдын жыйынтыгында бир аз болсо дагы өсүштү камсыз кыла алдык, - деди ал.

Өкмөт башы 2015-жылы экономиканын номиналдуу өсүшү 103,5 пайды түзгөнүн, ал эми 2016-жылдын өткөн эки айынын жыйынтыгында бюджеттин кирше бөлүгү боюнча милдеттенмелер толук аткарылганын, инфляция 3,4 пайыз өлчөмүндө болгонун айтты. Ал ишкердик чөйрөгө жагымдуу шарттарды түзүү аракеттери жасалып жатканын, анын ичинде айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүү өнөр жайына каралган жеӊилдиктер сакталып каларын, сатыктан алынган салык алынып салынганын, текшерүүлөрдүн саны кыскартылып жатканын билдирди.

Талкуу жүрүшүндө Өкмөттүн экономикалык каатчылыктан чыгуу аракетин кубаттоо менен бирге, андан чыгуунун программасын иштеп чыгуу, өнөр жайдын өнүгүшүнө өзгөчө көӊүл буруу, дыйкандар менен фермерлерди жеӊилдетилген насыя менен камсыз кылуу, анын үстөк пайызын азайтуу, насыя берүү шарттарын жакшыртуу сындуу бир катар алгылыктуу сунуштар берилди.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу