Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
14/03 18:41
 

Т. Сариев: "Кредиттерди алууда кошумча күрөө менен камсыз кылуу үчүн мамлекеттик гарантиялык фонду түзүлөт”

Бишкек, 14-март /Кабар/. Бүгүн, 14-мартта, Жогорку Кеңештегши коалициялык көпчүлүктүн жыйынына Темир Сариев бизнес жана ишкер чөйрөнү колдоого алууну күчөтүү максатында, салыктык кирешелердин төмөндөгөнүнө карабай, бир катар фискалдык реформалар ишке ашырылып жатканын маалымдады.

Анын ичинде кошумча нарк салык боюнча каттоонун босогосу эки эсеге көбөйтүлдү, 2016-жылдын 1-январынан тарта товар, иш жана тейлөө тармагындагы экспортерлорго сатуудан түшкөн салык алынды, 2016-жылдын 1-июлунан тарта накталай төлөмсүз формадагы операцияларга сатуудан түшкөн салыктын ставкасы 0%ы бекитилди, Товар, иш жана кызмат көрсөтүү үчүн бирдиктүү салыктын ставкалары эки эсеге азайтылды.

Ошондой эле Премьер-министр жакынкы аралыкта ишкерлерди мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы тарабынан текшерүүнү 1 күнгө чейин кыскартуу, өнөр жай, курулуш обьекттерин инженердик түйүндөргө кошуу боюнча мөөнөт кыскартылып, процедураларды жөнөкөйлөштүрүү жана бизнести колдоо максатында кредиттерин алууда кошумча күрөө менен камсыз кылуу үчүн мамлекеттик гарантиялык фонду түзүлөрүн кошумчалады.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу