Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
14/03 18:20
 

Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдөгү экономикалык абал Кыргызстанга таасирин тийгизүүдө

Бишкек, 14-март /Кабар/. Бүгүн, 14-мартта, Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктүн жыйынына Өкмөт башчысы билдиргендей, Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдөгү экономикалык өсүүнүн басаңдашы Кыргызстандагы экономикалык кырдаалга таасирин тийгизүүдө.

«Бул уюмга кошулуу боюнча чечим кабыл алынган учурдагы шарттар Кыргызстан үчүн ыңгайлуу болчу. Тилекке каршы, ЕАЭСке мүчө өлкөлөрдөгү экономикалык активдүүлүктүн басаңдашы жана суроо-талаптын төмөндөп кетиши, рубль жана тенгенин девальвациясы, Россияга каршы санқциялар өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасынын өсүшүнө терс таасирин тийгизди. Мындай шартта өкмөт оперативдүү түрдө ЕАЭСтеги кризистин таасирин азайтуу боюнча чараларды көрүп, керектүү чечимдерди кабыл алды»-деди Темир Сариев.
Премьер-министр 2015-жылы дүйнөлүк экономиканын негативдүү тенденцияларына карабастан Өкмөт экономикалык өсүүнүн оң динамикасын сактап калганын кошумчалады.

«Былтыркы жылдагы экономикалык өсүш 103,5 %ды, ал эми ИДПнын (ички дүң продукция) номиналдык көлөмү 424 млрд сомду түздү. Бул ЕАЭСке мүчө өлкөлөрдүн ичинен эң жакшы көрсөткүч. Былтыркы жылдын жыйынтыгы менен инфляциянын көлөмү 3,4%ды түзгөн. Бул көрсөткүч ЕАЭСке кирген өлкөлөрдүкү менен салыштырганда эң төмөн», – деди Темир Сариев.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу