Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
14/03 18:16
 

Премьер-министр: «Өкмөт антикризисттик планды толугу менен аткарат»

Бишкек, 14-март /Кабар/. Бүгүн, 14-мартта, Темир Сариев  Жогорку Кеңештин коалициялык көпчүлүктүн жыйынына катышып, Өкмөттүн антикризистик пландын аткарылышы боюнча маалымат берди.

Премьер-министр өлкөдөгү актуалдуу маселелерди бирге кеңешүү жана талкуулоо Өкмөт үчүн өз ишмердигине обьективдүү баа берүүгө жана ишиндеги кемчиликтерди аныктоого мүмкүнчүлүк берерин билдирди. Темир Сариев учурда өлкөдөгү коомдук-саясий абал туруктуу экенин белгилеп, бардык мамлекеттик органдар өз милдетин толук кандуу аткарып жатканын маалымдады.

Премьер-министр дүйнөдөгү геосаясий процесстер, мунай продуктуларына баанын төмөндөшү өнүккөн өлкөлөрдүн экономикасынын өнүгүү темпине таасирин тийгизип жатканын белгиледи. Темир Сариев өкмөттүн быйылкы жылы 420 иш-чарадан турган планы бар экенин, анын ичинен 87 иш-чара антикризистик чара экенин билдирди. Өкмөт башчысы билдиргендей, Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдөгү экономикалык өсүүнүн басаңдашы Кыргызстандагы экономикалык кырдаалга таасирин тийгизүүдө.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу