Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
14/03 17:57
 

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна каражат өз мөөнөтүндө келүүдө

 Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна каражат өз мөөнөтүндө келүүдө

Бишкек, 14-март /Шаххан Мырзабеков-Кабар/. Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна каражат өз мөөнөтүндө Россия тараптан келүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев билдирди.

“Барыңыздар билгендей эле Кыргызстан менен Россиянын ортосунда кыргыз-орус өнүктүрүү фондун түзүү боюнча келишим түзүлгөн. Ал келишимдин алкагында бул фонддун көлөмү 1 млрд доллар деп эки тарап макулдашкан. Тактап айтканда, каражаттын ичинен 500 млн доллары уставдык капитал катары, ал эми калган 500 млн доллары (МАР- Международный развития деп коет, ошунун шарттарына ылайык) жеңилдетилген насыя катары берилет деп макулдашылган.

Келишимдин негизинде аталган каражаттын бизге келип түшүүсү боюнча атайын графиктери бар. Ошол графикке ылайык, Россия тараптан келе турган акчанын биринчи бөлүгү өз мөөнөтүндө бизге келип түшкөн. Атап айтканда, бизге бул каражаттын 300 млн доллардын тегерегиндеги каражат келген. Ал эми экинчи бөлүгү май айында келип түшөөрү күтүлүүдө. Калган каражат бизге 2-жылдын ичинде толугу менен келмек”,- дейт Д.Иманалиев.

“Ошондой эле аталган фонддун каражаттары Москвада деген маалыматтар айтылып жүрөт. Бул боюнча так айта албайм. Бирок, учурда бул боюнча фонд менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”,- деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, ЖК депутаты Аскарбек Шадиев Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жалпы каражатынын 70 пайыздан ашуун бөлүгү кайра Россияга кайтарылып кеткенин Жогорку Кеӊештин жыйынында билдирип чыккандыгын жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышкан.

“Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу