Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
14/03 17:43
 

Социалдык фонд Түркия менен тыгыз кызматташтыкта иш алып бара баштайт

 Социалдык фонд Түркия менен тыгыз кызматташтыкта иш алып бара баштайт

Бишкек, 14-март /Минара Ибраева-Кабар/. Социалдык фонд Түркия менен тыгыз кызматташтыкта иш алып бара баштайт. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигине КРнын социалдык фондунун пенсиялык тарифтик жана саясат башкармалыгынын эмгек мигранттарынын социалдык камсыздандыруу боюнча секторунун башчысы Райкан Кенжебаева билдирди.

Анын айтымында учурда Кыргызстандын социалдык фонду Түркия менен тыгыз кызматташтыкта болуп, жарандардын укуктарын коргоо боюнча иш аракеттерди көрүп жатат.

“Бүгүнкү күндө Түркиянын пенсия берүү системасы менен Кыргызстандын пенсия системасынын ортосунда өзгөчөлүктөр көп. Эки өлкөнүкүн салыштырууга болбойт. Акыркы убакта бул өлкөгө жашы деле, карысы деле көп каттап жатат. Бирок алардын көбү расмий түрдө катталып, ишке орношкон эмес. Мындан улам бир топ көйгөйлөр жаралууда. Ал эми Түркияда иштеп жаткан кыргыздарды социалдык жактан камсыз кылуу боюнча жакында эле атайын долбоор сунушталып, анын алкагында жолугушуу болуп, бул багыттагы маселелер каралды. Ошону менен бирге учурда Түркияда канча кыргыз жараны расмий түрдө пенсиялык фонддо каттоодо тургандыгы сыяктуу маселелер бар. Бул долбоор май айында экинчи ирет каралмакчы. Эгерде ишке ашып долбоор жарактуу деп табылса, бир жыйынтык чыгарылат”,-деди Р.Кенжебаева.

“Учурда расмий түрдө каттоодон өтүп иштеп жаткан жарандар социалдык фондко акчаларын төлөп жатышат. Алардын пенсияга чыгаар убактысы келгенде биз Түркия тарапка тиешелүү документтерди жөнөтүшүбүз керек. Мындай учурда расмий жумушка орношкон жарандарыбызда эч кандай маселе жаралбайт. Эгерде жарандарыбыз жумушка расмий түрдө орношпой, акча төлөбөсө анда бир топ көйгөйлөр жаралышы мүмкүн”,-деди адис.
Мындан тышкары, аталган келишим расмий түрдө ишке киришсе ал Түркияда жүргөн жарандар социалдык фонд менен тыгыз байланышта болуп, бир топ ыңгайлуу шарттар түзүлөт эле.

Эскерте кетсек, буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында Түркиядагы кыргыздардын жарандык укуктары корголбой келгендиктен улам, Кыргызстандын социалдык фонду менен иштешип, жарандардын укуктарын коргоосун өтүнүшкөн эле.

“Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу