Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
14/03 16:26
 

Март айынын акырына чейин Бюджет кодексинин кабыл алынбай калуу тобокелчилиги бар

Бишкек, 14-март /Кабар/. Эгер март айынын акырына чейин Бюджет кодекси кабыл алынбаса, анда Дүйнөлүк банк тарабынан республикалык бюджетти колдоо максатында бериле турган 24 млн доллар өлчөмүндөгү каражат түшпөй калат. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кезектеги жыйынынын жүрүшүндө белгилүү болду.

Финансы министрлигинин берген маалыматына караганда, Дүйнөлүк банктын 24 млн доллар каражатынын 13 млн доллары жеӊилдетилген насыя, 11 млн доллары гранттык каражат болуп саналат. Ал толугу менен республикалык бюджетти колдоо багытында жумшалууга тийиш.

Белгилей кетсек, КР Бюджет кодексинин долбоору биринчи окууда кабыл алынган. Бюджеттик каржы мамилелерин жөнгө салган мыйзамдар буга чейин чачкын болуп келгендигинен улам, бюджет мамилелерине байланыштуу мыйзамдар кайрадан ыраатташтырылып, бирдиктүү бир Бюджет кодексине топтоштуруу зарылдыгы келип чыккан.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу