Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
14/03 16:11
 

“Түндүкэлектрдин” кардарлары февраль айында 34,7 млн кВт саат электр энергияны үнөмдөштү

Бишкек, 14-март /Кабар/. “Түндүкэлектр” ишканасынын кардарлары 2016-жылдын февраль айында 600,3 млн кВт саат электр энергиясын сарпташты. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

КР өкмөтү тарабынан каралган ченемден 34,7 млн кВт саат же 5,47% үнөмдөлдү. Салыштырмалуу, 2015-жылдын февраль айында “Түндүк электр” ААК боюнча 627, 8 млн кВтсаат электр энергиясы керектелген.

Бул жылдын февраль айында Бишкекте 16, 6 млн кВт саат электр энергия үнөмдөлгөн. Мерчемделген 288,1 млн кВт сааттан бишкектиктер 271,5 млн кВт саат электр энергия керектешкен.

Чүй облусу боюнча каралган 284,9 млн кВт сааттан 279,1 млн кВт саат электр энергиясы пайдаланылган.
Талас облусунда мерчемделген 62 млн кВт. сааттын 49,6 кВт сааты керектелген.

Ушуну менен, каралган электр энергиясын үнөмдөө борбор калаада – 5, 76 %, Чүй облусунда – 2, 01 %,Талас облусунда – 19, 94 %ды түздү.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу