Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
11/03 17:43
 

Кыргызстанга сырттан келген инвестициянын кыскарышы дүйнөлүк кризиске байланыштуу болууда

Кыргызстанга сырттан келген инвестициянын кыскарышы дүйнөлүк кризиске байланыштуу болууда

Бишкек, 11-март /Шаххан Мырзабеков-Кабар/. Кыргызстанга сырттан келген инвестициянын кыскарышы дүйнөлүк геосаясат менен геоэкономикалык окуяларга жана дүйнөлүк кризиске байланыштуу болууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев билдирди.

“Бул маселе боюнча ар бир эл аралык уюмдар же рейтинг боюнча агенттиктер болобу алар өзүнүн көз карандысыз тыянагын чыгарганга укуктуу. Ар бир уюмдун өзүнүн стандарттары болот. Бирок, экиничи жагы ошол чыгарган тыянактарын дүйнө канчалык деңгээлде кабыл алат жана аны таануусунда. Буга чейин дүйнөдөгү кадыр-барктуу делген эл аралык рейтингдерди чыгарган “Standard and Poor's” жана “Muudis” уюмдары өз баасында Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан көп иштеги жетишкендиктерди атап, оң баасын беришкен. Өзүңүздөр билгендей, былтыркы жылы Кыргызстан кредиттик рейтингди алды. Башкача айтканда, биз эгемендүүлүк алгандан бери биринчи жолу кредиттик рейтинг боюнча оң баа алдык. Өнүгүп келаткан биздей мамлекеттер үчүн бул чоң жетишкендик. Андан сырткары акыркы учурда биз эл аралык бир канча рейтингдерде алдыга жыла алдык. Мисалы, “Doing Business” рейтингинде алгылуктуу өзгөртүүлөргө жетишип, бул жакта да өзүбүздүн жетишкен жагыбызды көрсөтө алдык. Ал эми “RAEX” агенттиги бизге берген баасын туура баалап жана башка дүйнөлүк рейтингдерде жетишкен ордубузду карап, ошого жараша тыянак чыгарышыбыз керек”,- дейт Д.Иманалиев.

“Ошондой эле “RAEX” агенттиги кандай критерий менен бизди инвестициялык климаты начар өлкөлөрдүн катарына кризгизгендиги боюнча менде толук маалымат жок. Бирок, башка дүйнөлүк рейтингдердин стандарттары боюнча биздин өлкөдөгү жагдай мурдагы жылдарга салыштырмалуу жакшырды. Ал эми биздин инвестициялык климат сырттан келген инвестициянын кыскарышы дүйнөлүк геосаясат менен геоэкономикалык окуяларга байланыштуу болууда. Ошондой эле дүйнөлүк кризистин да терс таасири тийүүдө. Бирок, бул көрүнүш Кыргызстанда эле эмес, коңшу өлкөлөрдө жана дүйнө боюнча болуп жатат”,- деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, Россиянын “RAEX” агенттиги чыгарган рейтингде Кыргызстан инвестициялык климаты начар өлкөлөрдүн катарында аталган.

“Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу