Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
11/03 14:49
 

Жыл башынан бери 971 айылдык товар өндүрүүчүгө 374,5 млн сом кредит берилди

Бишкек, 11-март /Кабар/. Коммерциялык банктар берген отчёттор боюнча, 2016-жылдын 3-мартына карата «Айыл чарбаны каржылоо – 4» долбоорун ишке ашыруунун алкагында 971 айылдык товар өндүрүүчүгө 374 млн 536,4 миң сом суммасында кредит берилди. Бул тууралуу финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Коммерциялык банктар тарабынан республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө төмөнкүдөй жеңилдетилген шарттарда кредиттик каражаттарды берүүсү каралган:
- пайыздык чен– жылына 10%;
- кайтаруу мөөнөтү– 3 жылга чейин;
- карыздын негизги суммасын тындырууга берилчү жеңилдетилген мезгил – 6 айга чейин;
- жекече кредиттер боюнча 100 миң сомго чейинки кредиттик каражаттар күрөөсүз негизде 1 жылга чейинки мөөнөт менен берилиши мүмкүн.

Андан тышкары жеңилдетилген кредиттик каражаттарды алуучулардын чөйрөсү кеңейтилет. Эгерде мурда «Айыл чарбаны каржылоо» долбоорлору боюнча кредиттик каражаттарды негизинен мал чарбачылык тармагынын субъекттери алышса, эми болсо жаңы долбоордо кайра иштетүү тармагы (күнөскана чарбалары, мал союучу цехтер, логистикалык борборлор ж.б.) кеңейтилет.Ал эми бул тармакка айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана айыл чарба тармагында кызмат көрсөтүү менен алектенген субъекттер киргизилген.

Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү менен алектенген субъекттердин жана айылдык өндүрүүчүлөрдүн басымдуу көпчүлүгүнүн чет өлкөлүк валютада жогорку пайыздык чендер мененалган кредиттери бар экендиги эске алынып, эгерде мурда алынган кредиттик каражаттардын максаттуу тармагы «Айыл чарбаны каржылоо» долбоорунун максаттарына туура келсе,ошону менен бирге ушул максаттарга жумшала турган чектик сумма каржылоонун жалпы суммасынын 10 пайызынан ашпаса, алардын карыздык жүгүн жеңилдетүү максатында, башка банктардагы же финансы-кредиттик мекемелердеги карыздарын кайра каржылоо каралган.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу