Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
10/03 14:56
 

"Кыргызстан-Кытай" газ өткөргүч транзити үчүн республикага 2,15 млрд АКШ доллары түшмөкчү

Бишкек, 10-март /Кабар/. Жогорку Кеӊеште 2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргызстан-Кытай" газ өткөргүчүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” КР мыйзамына толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Айрым маалыматтар боюнча 35 жылда газ транзити үчүн атайын салыктын суммасы атайын салык түрүндө 2,15 млрд АКШ долларын түзүүгө тийиш, ал Долбоордук компаниянын филиалы же туунду юридикалык жагы тарабынан которулат. Бул каражаттар кайсы деңгээлдеги бюджетке келип түшөөрү Макулдашууда такталбагандыгы жөнүндө белгилей кетсек болот.
Ошондон улам, төмөнкүдөй тартипте бөлүштүрүлө тургандыгын белгилөө сунуш кылынат: -80 пайызы – республикалык бюджетке; -10 пайызы – Ош областын жана Ош шаарын өнүктүрүү фондуна; -10 пайызы – Ош областынын Алай жана Чоң-Алай райондорун өнүктүрүүнүн атайын түзүлүүчү фонддоруна, тиешелүү райондун аймагы боюнча газ өткөргүчтүн узундугунун катышынын өлчөмүндө.

Ошондой эле Ош областын, Ош шаарын, Алай жана Чоң-Алай райондорун өнүктүрүү фонддоруна көрсөтүлгөн Макулдашууга ылайык атайын салыкты төлөөдөн келип түшүүчү каражаттар жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүү жана күтүү үчүн гана пайдаланылаарын аныктоо сунуш кылынат.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу