Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
10/03 09:06
 

Жапония Кыргызстанга 100 млн йен өлчөмүндө долбоордук эмес гранттык жардам берет

Бишкек, 10-март /Кабар/. 9-мартта Жогорку Кеңеш жыйынында “Бишкек шаарында 2015-жылдын 26-октябрында кол коюлган Жапония Өкмөтүнүн чакан жана орто бизнестин товарларын берүүсү жөнүндө долбоордук эмес Гранттык жардам боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Жапония Өкмөтүнүн ортосундагы алмашуу ноталарын ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору каралып, 1 окууда добуш берүүгө жиберилди.

Каржы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында, 100 млн йен өлчөмүндөгү долбоордук эмес грант эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди бекемдөө жана кызматташтык алакаларды арттыруу максатында, чакан жана орто бизнес товарлары түрүндө берилет. Ал Жапон Өкмөтүнүн долбоордук эмес гранттык жардамынын алкагында бөлүнөт. Сатып алына турган товарлардын тизмеги эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда макулдашылат.

“Келишим шарттарына ылайык, биздин алдыбызда гранттык товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдү бажы алымдарынан, ички салыктардан, дагы башка баардык жыйымдардан толук бошотуу милдети турат. Келишимде каралган баардык иш-чаралардын аткарылуу жүрүмү Жапон Эл аралык агенттиги (JICA) тарабынан көзөмөлгө алынат. Бул келишим Кыргызстандын чакан жана орто бизнесинин өнүгүшүнө түрткү берет”, - дейт министр.
Талкууда бериле турган товарларды жумушчу топ тарабынан аныкталаары белгилүү болду. Ошондой эле бир катар депутаттар аталган мыйзам долбоорун колдоого чакырышты.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу