Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
09/03 17:11
 

Премьер-министр: «Кичи ГЭСтер электр энергиясын өндүрүүнүн эң үнөмдүү жана экологиялык жактан коопсуз булагы болуп саналат»

Бишкек, 9-март /Кабар/. Бул туурасында Темир Сариев кичи гидроэлектр станцияларын куруу боюнча иштиктүү кеңешме учурунда билдирди.

Өкмөт башчынын пикиринде, бул багытта алгылыктуу иштерди аткаруу зарыл.

«Ири» энергетикага салыштырмалуу кичи ГЭСтердин инвестициялык долбоорлору бир катар маанилүү артыкчылыкка ээ, алсак, курулушту кыска мөөнөттө ишке ашыруу мүмкүндүгү бар. Кичи энергетиканын артыкчылыктарына электр энергиясынын төмөнкү өздүк наркын жана эксплуатациялык чыгымдарын жана ГЭСтердин узак мөөнөттүү кызмат аткаруусун мисал келтирүүгө болот.

Мындан тышкары, биз кошумча кубаттуулуктарды түзүп, электр энергиясын пайдалануудагы жүктөмдү кыскартууга, чет элдик инвестицияларды тартууга, кошумча иш орундарын түзүүгө мүмкүндүк алабыз. Муну менен катар биз эң негизгиси–электр энергиясын импорттоо көлөмүн кыскартууга жетише алабыз»-деп белгиледи Темир Сариев.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Инвестицияларды алга жылдыруу боюнча агенттик директору Алмаз Сазбаковдун маалыматы боюнча, учурда кубаттуулугу 42 МВт келген 12 кичи ГЭС иш алып барып, жылына орточо алганда 140,5 млн киловатт-саат кубаттуулук өндүрүүдө.

«Өлкөнүн бардык дайраларында кубаттуулугу 180 мегаватт-саатка жеткен 87 кичи ГЭС курууга мүмкүндүк бар. Учурда чет элдик инвесторлордон наркы 65 млн доллар турган 81 МВт кубаттуулуктагы 6 кичи ГЭС куруу сунушу түшкөн. Ошондой эле кичи энергетика жаатында жалпы наркы 107 млн долларлык 10 келечектүү долбоор инвесторлор тараптан каралууда. Кичи ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 2017-жылга дейре Кичи гидроэнергетиканы өнүктүрүү концепциясы иштелип чыккан. Концепциянын негизги максаты – өлкөнүн аймактарында кичи гидроэнергетиканы өнүктүрүү жана куруу үчүн инвестицияларды тартууга аракет көрүү болуп саналат. Адистердин баалоосунда, Кыргызстандын майда дайраларында жылына 5-8 млрд киловатт-саатка дейре электр энергиясын өндүрүп чыгуу мүмкүндүгү бар, ал эми азыркы учурда 3% ашпаган энергия өндүрүлүүдө»-деп жыйынтыктады Экономика министрлигине караштуу Инвестицияларды алга жылдыруу боюнча агенттик директору Алмаз Сазбаков.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу