Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
09/03 16:56
 

2015-жылы Кыргызстанга чет өлкөлүк түз инвестициялардын агымы 818,8 млн АКШ долларын түздү

Бишкек, 9-март /Кабар/. 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанга чет өлкөлүк түз инвестициялардын агымы 818,8 млн АКШ долларын түздү. Бул тууралуу КР Экономика министрлигинен билдирди.

2014-жылга салыштырмалуу чет өлкөлүк түз инвестициялардын агымынын өсүү темпи 112,6%ды түзүп, көлөмү 91.7 млн АКШ долларына өскөн.
Экономикалык ишмердиктин түрү боюнча чет өлкөлүк түз инвестициялардын агымы көбүнчө профессионалдык, илимий жана техникалык ишмердикке (32%); кайра иштеп чыгуу өндүрүшүнө (24,1%), ошондой эле курулуш секторуна (12,5%) туура келет.

КМШ өлкөлөрүнөн чет өлкөлүк түз инвестициялардын агымы 2015-жылы 2014-жылга салыштырмалуу 102,8%га көбөйүп, 184,7 млн АКШ долларын түзгөн. Тактап айтканда, бардык чет өлкөлүк түз инвестициялардын көлөмүнүн 22,6%ын түзгөн.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу