Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
09/03 15:12
 

Мамлекеттик салык кызматы: “Биз реформага муктаж же муктаж эмеспиз деп айта албайбыз”

Мамлекеттик  салык  кызматы: “Биз  реформага муктаж же муктаж эмеспиз деп айта албайбыз”

Бишкек, 9-март /Минара Ибраева-Кабар/. Бул тууралуу КРнын мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынын башчысы Эркин Сазыков билдирди.
“Салык кызматына 3 мамлекеттик органдын фунциялары өткөрүлүп берилген. Тагыраак айтсак, өткөн жылдын декабрынан тартып МСК камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо функциясы жана милдеттери бар ыйгарым укуктуу орган болуп калды”,-деп билдирди басма сөз катчысы.

“Мындан улам биздеги жумуш орундары ошол бойдон калды. Бүгүнкү к үндө 2300дүн тегерегинде штат бар. Жаңы жумуш орундары түзүлгөн жок. Салык кызматына бир топ жоопкерчиликти талап кылган жумуштар кошулду. Азыркы тапта Бажы кызматы кылып жаткан иштерди салык кызматкерлери аткарып калды. Мүмкүн мындан улам жумуш орундарды түзүү максатында депутаттар бул тармакка көңүл буруп, реформа жүргүзүү керек экендигин сунуш кылгандыр. Ал эми биз Салык кызматы реформага муктаж же муктаж эмес деп айта албайбыз. Буга чейин кандай иштеп келсек ишибизди уланта бермекчибиз. Салыкчылардын негизги милдети–бул салыктарды толук өлөмдө чогултуу”,-деп кошумчалады Э.Сазыков.

Басма сөз кызматынын билдиришинче салык жаатында тийиштүү реформалар жүргүзүлгөн жана ал да уланып жатат.
Эскерте кетсек, өткөн жумада парламенттин жалпы жыйынында Мамлекеттик салык кызматына реформа жүргүзүү керек экендиги тууралуу маселе көтөрүлгөн эле.

“Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу