Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
09/03 12:44
 

Президент А. Атамбаев министрлик өлкө фермерлери менен элет эмгекчилерине бардык шарттарды түзүшү зарыл экендигин айтты

Президент А. Атамбаев министрлик  өлкө фермерлери менен элет эмгекчилерине бардык шарттарды түзүшү зарыл экендигин айтты

Бишкек, 9-март /Кабар/. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 9-мартта, өлкөнүн айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоевди кабыл алды.
Жолугушууда Мамлекет башчысы жазгы айдап-себүү иштеринин жүрүшү, анын ичинде минералдык жер семирткичтерди жеткирүү, жеңилдетилген насыяларды берүү аркылуу айыл чарбасын каржылоо жана лизинг программаларынын турмушка ашырылышы тууралуу маалымат алды.
Турдуназир Бекбоев ошондой эле өлкөдө ирригациялык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү, жаңы сугат жерлерди пайдаланууга киргизүү жана алардын сугат суу менен камсыз болушун мындан ары жакшыртуу боюнча пландар жөнүндө баяндап берди.

Президент Алмазбек Атамбаев аймактарды жана бүт өлкөнү өнүктүрүүдө айыл чарба тармагынын мааниси зор экендигин белгилеп, жазгы талаа жумуштарын тийиштүү деңгээлде жүргүзүшү үчүн айыл чарба жана мелиорация министрлиги өлкө фермерлери менен элет эмгекчилерине бардык шарттарды түзүшү зарыл экендигин айтты.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу