Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
05/03 09:06
 

Премьер-министр:”Апрель айында электр энергиясына баа кымбаттабайт”

Бишкек, 5-март /Кабар/. 4-мартта Темир Сариев Нарын облусунун иш сапарынын алкагында жергиликтүү тургундар менен жолукту.
Жолугушууда Премьер-министр Өкмөттүн Нарын облусундагы көйгөйлөрдү чечүү, өнүктүрүү жаатында аткарып жаткан иштери боюнча маалымат берип, буга чейин өткөн акцияларда көтөрүлгөн суроолорго жооп берди.
Премьер-министр Өкмөт аймактарды өнүктүрүү жаатында бир катар аракеттерди көрүп жатканын, бул боюнча облус жетекчилеринин алдына конкреттүү тапшырмалар коюлганын билдирди.

Темир Сариев бийик тоолуу жана алыскы аймактарга жеңилдик берүү боюнча мыйзам долбоордун максаты – шарты катаал аймактарды жеңилдиктен ажыратуу эмес, бул тармакты тартипке салууну көздөрүн билдирди. Анын алкагында деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктикте турган Нарын облусун жеңилдиктен ажыратуу боюнча сөз болбогонун кошумчалады.

«Бул мыйзам долбоордун айланасындагы талкууларды эске алуу менен документ кайтарып алынды. Бүгүнкү күндө бул маселе жок. Ошол эле учурда мугалим, дарыгерлердин айлык-акысына кошумча коэфцентти кошуу боюнча маселе толугу менен чечилген»–деди Темир Сариев.
Ошондой эле Премьер-министр апрель айында электр энергиясына тарифти көтөрүү боюнча сөздөр чындыкка дал келбей турганын билдирди.
Ал эми турак-жайды милдеттүү камсыздандыруу демилгеси жарандардын кызыкчылыгындагы маселе экенин белгилеп, аны Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жүргүзөрүн билдирди.

Премьер-министр Өкмөттүн башкы максаты мамлекеттик органдарды тартипке келтирүү экенин жана элдин кызыкчылыгына жооп бербей турган чечимдер кабыл алынбай турганын айтып өттү.
Ошондой эле Темир Сариев Нарын облусундагы көйгөйлөрдү чечүү жана өнүктүрүү жаатында аткарып жаткан иштер боюнча маалымат берди.
Жолугушуу жүрүшүндө жергиликтүү тургундардын атынан келген ɵкүлдɵр өз суроолоруна ынанымдуу жооп алганын жана айрым маселелер боюнча маалымат жетишпегендиктен улам түшүнбөстүктөр болгонун белгилешти.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу