Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
04/03 18:02
 

Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев: “Биз ЕАЭБдин бардык талаптарын аткарууга тийишпиз”

 Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев: “Биз ЕАЭБдин бардык талаптарын аткарууга тийишпиз”

Бишкек, 4-март /Шаххан Мырзабеков-Кабар/. Бул тууралуу коомдук ишмер Жыпар Жекшеев “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

“Кыргызстан Евразия экономикалык биримдикке мүчө болуп киргенден кийин эле гүлдөп өнүгүп кеткидей биз даяр үйгө кирген жокпузда. Бул биримдикке киргенден кийин биз алгач биримдиктин шарттарын, талаптарын аткарышыбыз керек. Тилекке каршы, бизде азыркы учурда аталган биримдиктин талаптарын аткаруу иштери бир аз кечеңдеп жатат. Биз биримдикке формалдуу түрдө кирип калдык. Ал эми биримдикке толук кандуу кириш үчүн бардык талаптарды аткарууга тийишпиз. Мисалы, өндүрүп чыгарган продукцияларды лабораториядан өткөзүп, аны экспортоо үчүн атайын уруксаат кагаздарын алып, тийиштүү бардык документтерди тууралашыбыз керек. Бирок, бул талаптарды жетиштүү деңгээлде аткара элекпиз. Мындан улам бизде бир аз кыйынчылыктар болууда”,- дейт Ж.Жекшеев.

“Эгерде биз экономиканы тиешелүү деңгээлге чейин жеткизип, суверендүү экономикалык саясатты жүргүзөбүз деген максатты өзүбүзгө кое турган болсок, анда конкуренцияга туруштук бере турган товарларды өндүрүп чыгарышыбыз керек. Ошого жараша көптөгөн иш чараларды өткөрүү зарыл. Анан товарыбыз бар эле, ал өтпөй жатат же өнөр-жайлар жабылып калды деген сөздүн жаралып жатышына бул өзүбүздүн жарым жартылай жумуш аткарып жатканыбыздан болууда”,- деп кошумчалап кетти ал.

Эскерте кетсек, кечээ жергиликтүү ЖМКлар: “Кыргызстан Евразия экономикалык биримдикке киргенден баштап жеке ишкерлер өндүргөн товарларын сата албай калды. Андан сырткары аймактардагы бир катар ишканалар жабылуу коркунучуна кептелди”,- деп жазып чыгышкан.

“Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу